Бүгүн, 14-октябрь күнү Бишкек шаарында сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу активисттер билдиришүүдө.
Жөө жүрүштү саат 13:00дө темир жол вокзалынын жанындагы аянттан баштоо пландалууда. Жөө жүрүшкө чыккандар Эркиндик бульвары аркылуу Ак Үйдүн имаратына чейин барууну пландоодо.
Эске салсак, кечээ, 13-октябрда “Азаттыктын” редакциясынын имаратынын жанында үч көз карандысыз маалымат каражатын жабуу боюнча митинг өткөн.