"Бишкектеги №49 А.Толубаев атындагы орто мектебинде 14-октябрда теракт жасайм". Мындай билдирүү кечээ, 13-октябрда социалдык тармактагы жеке баракчага жазылган.
Анда “Эртең мен №49 А.Толубаев атындагы орто мектепте массалык теракт жасайм. Баарын өлтүрүү үчүн Макаров тапанчасын, бычактарды жана бомба колдоном”, - деп жазган.
Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан аталган факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Маалымдалгандай, социалдык тармактагы билдирүүнүн автору борбор калаадагы мектептердин биринин 7-классынын окуучусу экени аныкталган. Ал мындай кадамды хайп жасоо жана жеке баракчасына катталуучу топтоо үчүн жасаганын билдирген.
Учурда тергөө иштери уланууда.