Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы өтүп жаткан курултайга чогулгандар тарады.
Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров, Дастан Бекешев, ошондой эле Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Бектур Асанов, Жеңиш Молдокматов баштаган бир катар саясатчылар катышты. Ага 600дөн ашуун адам чогулду.
Чогулгандар жыйындын соңунда резолюция кабыл алып, бийликке төмөнкүдөй талаптарды коюшту:
- Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын аянты Кыргызстандын менчигинде калсын;
- Жер алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр токтотулсун;
- Кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо мамлекеттик комиссиясы кайрадан түзүлсүн;
- Эгер бул талаптар аткарылбаса Бишкекте дагы элдик курултай өткөрүлсүн;
- Делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча протоколдор элге жарыялансын;
- № 36, № 39, № 42 протоколдор жокко чыгарылсын.
Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдиргенине караганда, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 699 гектар жер алат жана анын ордуна Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер Өзбекстанга өтөт.