Бишкек - Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
"Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында кар жаап, бороон болуп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Жол кырсыктарын алдын алуу максатында “Сосновка” түйүнү аркылуу жүк ташуучу унаалар аба ырайы жакшырганга чейин өткөрүлбөйт.
"Трасса кардан тазаланып, инерттүү материал себилип жатат", - деп кошумчалашты башкармалыктан.