Бишкек шаарындагы Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринен 75 жаштагы карыянын сөөгү табылды. Маалымат ӨКМ тарабынан маалым болду.
Жазылган маалыматка ылайык, куткаруучулар Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн 4-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда ичинен 75 жаштагы М.В.Х. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.
Жансыз дене ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.