Бүгүн, 19-октябрда Коргоо министрлиги 9 айда аткарылган иштери тууралуу маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда коргоо министри Бактыбек Бекболотов акыркы убакта болуп жаткан окуяларга токтолуп, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.
"Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосунда эч качан достук болбойт. Бул менин жеке оюм. Себеби, кыргыз тараптын өзүнүн чындыгы, тажик тараптын өзүнүн чындыгы бар. Бир пикирге келүү аябай оор", - деп билдирди Бекболотов.