Улуу Британияга жаңы премьер-министр дайындалды

Улуу Британияга жаңы премьер-министр келди. Ал мурдагы финансы министри Риши Сунак экени анык болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Өкмөт башчылыкка бул ирет Сунак өзү жалгыз талапкер болду. Анын атаандаштары Борис Жонсон жана Пенни Мордонт жарыштан чыга тургандыгын билдиришкен.

Өкмөт башчы боло тургандар парламенттеги партиялаштарынын 100дөн кем эмес добушун алыш керек.

Риши Сунак учурда 42 жашта. Ал Улуу Британиядагы 1812-жылдан берки эң жаш жана теги индиялык премьер-министр болуп калды.
Жонсон башкарган министрлер кабинетинин тамырынын бошошуна дал ушул Риши Сунактын отставкасы чыйыр салган. Абал улам кыйындап отуруп Жонсон өзү өкмөт башчылыктан кеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан