Жалбырак өрттөө үчүн айып каралган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы эскертет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда жалбырак өрттөгөндөрдү аныктоо боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат.
"Мындай мыйзам бузгандарга Бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесине ылайык 7 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин административдик айып каралат", - деп айтылат маалыматта.