Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, табигый кырсык кечээ, 24-октябрда саат 22:57де катталган.
"Жер титирөө Алай районунун Каблан-Көл жана Тогуз-Булак айылдарында, Кара-Суу районунун Корок, Чайчи, Ийрек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Анын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат маалыматта.