Эртең борбор калаанын айрым бөлүктөрүндө суу берилбейт

Эртең, 26-октябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу берилбейт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ала-Тоо 1, Ала-Тоо 2 жаңы конуштарындагы турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, социалдык объектилерге жана өнөр жайга ичүүчү суу берүү токтотулат.

"Ала-Тоо" суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан