Кыргызстандык Саадат Турусбекова Түркиядагы сынакта "Азия ханбийкеси" аталды

Кыргызстандык модель Саадат Турусбекова Princess of the Globe 2022 деп аталган эл аралык сынакта "Азия ханбийкеси-2022" титулуна татыды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, иш-чара 11-20-октябрь күндөрү Түркияда өткөн. Ага 20 өлкөдөн катышуучулар тартылып, таажы жана баш байге үчүн ат салышты.

Кыргызстандык катышуучу тандалган жети сулуунун катарына да кирди.

Саадат Турусбекова Инновациялык технологиялар боюнча эл аралык университеттин акыркы курсунда менеджмент факультетинде окуйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
voennyi88
2022-10-26 11:47:00
Азиянын сулуусу ушул болсо анда мен уйлонбой эле бой отом.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан