Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Капчыгай, Самаркандек жана Достук айылдарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Кабарлангандай Жапаров Тажикстандын куралдуу агрессиясынын натыйжасында талкаланган турак-жай имараттарынын жана социалдык объектилердин курулушу менен таанышты.
"Ак-Сай айылында 275 орундуу мектеп, Капчыгай айылында 100 орундуу мектеп, Достук айылында 100 орундуу жалпы билим берүү мекемеси, фельдшердик-акушердик пункт, 30 орундуу бала бакча курулат. Социалдык объектилер АРИС долбоорунун алкагында курулат", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Самаркандек айылында курулушу башталган 75 орундуу оорукана 2023-жылдын жаз айларында пайдаланууга берилери күтүлүүдө.