Тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. 2-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 2-ноябрь күнү Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан, тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +10…+15,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13,

Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз +2…+3.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +15…+17.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан