Садыр Жапаров шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды (фото)

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапарынын алкагында Абу-Даби шаарындагы шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, мамлекет башчысы БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын элесине таазим кылып, күмбөздү көрүп чыкты.

Андан соң шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын сөөгү коюлган жердин жанына салынган мечитке кирди.

Мечитти көрүп чыккан соң, мамлекет башчысы Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан