Баткенде 10,7 миллион сомго курулган көпүрө пайдаланууга берилди

Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң кварталынын Бакай-Ата участкасында 10 миллион 700 миң сомдук жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көпүрө ӨКМ тарабынан курулган. Анын узундугу 15 метр, кеңдиги 12 метр, эки тарабында тең жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөгү менен кошо курулду.

"Сел өтүүчү сай аркылуу айрыкча жаан-чачын көп жааган мезгилдерде сел келип, жол каттамы үзгүлтүккө учурагандыктан, шаардыктар үчүн жол каттамы түйшүк жаратып келген. Эми келерки жылга дагы шаарда сел өтүүчү сай аркылуу өткөн 2 көпүрөнү куруу планы каралууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан