Ош мэриясы шаар тургундарын таза суу камдап алууну өтүнөт

Ош мэриясы шаар тургундарынан таза суу камдап алууну өтүнөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

"Күтүлүп жаткан жаанга байланыштуу Оштун бир катар райондорунда таза суу берүү токтотулушу мүмкүн. Буга байланыштуу мэрия шаар тургундарын таза суу камдап алууну өтүнөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Жамгырга байланышту Ак-Буура дарыясында ылай суу аккандыгына байланыштуу буга чейин сууну өчүрүү чарасы кабыл алынып келген.

Таза суу боюнча 105, 8-11-15, 8-11-51 жана 0553 200-105 номерлерине кайрылса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан