Бишкек шаарында иш алып барган түрк мекемелеринин салымы менен “Эне-бала мээрими” коомдук фондунун балдар үйүндө жашаган ата-энесинен ажыраган балдардын көздөрү акысыз текшерилди. Мындан сырткары аларга ар кандай белектер берилди.
"Көздөрүн текшерүүдөн өткөрүп жаткан балдарга дипломатиялык өкүлчүлүктө иштеген дипломаттардын жубайлары, ошондой эле Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасынын жана "Кудрет" көз офтальмологиялык клиникасынын айым кызматкерлери балдарга ар кандай белектерди тапшырышты", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле элчиликтин жамааты менен акча чогултуп, балдар үйүнө кир жуугуч машина, балдарга кышкы кийим жана көмүр алып келип беришти.