Монополияга каршы кызмат көмүрдүн баасын жөнгө салууга киришти

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мамлекеттик жөнгө салуунун алкагында көмүрдүн баасын белгилөө боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан үч жумушчу күндүн ичинде республиканын облустарынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын шартында көмүрдүн баасынын максималдуу деңгээлин белгилөө жөнүндө буйрук чыгарылган. Көмүрдүн баасы килограммына жана тоннасына белгиленет.

Эксперттер катуу отунга бааларды гана белгилебестен, аны өндүрүүгө да, сатууга да байланышкан чыгымдарды, анын ичинде республиканын бардык аймактарына жеткирүүнүн баасын да талдайт.

Белгилегендей, Бишкекте "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын отун базасында жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 4000 сомдон сатылууда.

"Ушул эле баада Мурманская, Алыкулов көчөлөрүндө, Кара-Жыгач конушундагы айланма жолдун боюнда жергиликтүү көмүр сатылууда. Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин, соода эрежелерин, ошондой эле өлчөө каражаттарына карата талаптарды бузуу фактылары аныкталган учурда Эреже бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, буга чейин министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстанда көмүрдүн баасын 90 күндүк мөөнөткө убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Рустам
2022-11-06 14:16:00
Мен бул тема боюнча жеке пикирим , эмне учун комурдун баасы Ош жана Бишкекте гана козомолго алынат? Башка аймактар маанилуу эмеспи? Эмне учун Баткен облусунда да ушун комур сатуучу базалар уюштурулбайт жана ал жактарга да ошондой тоннасы 4000сомдон сатылбайт??? Баткенде комурдун баасы 10-12сомго чейин эмне учун? Бул деген кошстардарттуулук эмеспи? Бааны олко боюнча бирдей коюлушу керек. Баткенге огой мамиле жасамай качан токтойт? Окмот Баткен облусуна да Кара-Кеченин комурун 4000сомдон жеткирсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан