Улуттук гвардиянын жаш жоокерлери ант берди

Кечээ, 5-ноябрда Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүндө 200дөн ашуун жаш жоокер ант берди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын билдиришти.

Белгилүү болгондой, үч жуманын ичинде жоокерлер Улуттук гвардиянын тажрыйбалуу офицерлери жана сержанттарынын жетекчилиги астында жаш жоокерлер курсунун алкагында күчөтүлгөн программасын өтүштү.

Анда күн тартибин жана Жалпы аскердик уставдарды окуп, тактикалык, саптык жана дене тарбия даярдыгынын негиздерин өздөштүрүп, өздөрүн мындан аркы аскердик милдеттерди аткарууга даярдашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жоокерлер тарабынан курал менен көнүгүүлөр көрсөтүлүп, майрамдык концерт уюштурулду.

Азем жаш мекен коргоочулардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан