Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдайт.
Кабарлангандай, жер титирөө 6-ноябрда саат 08:11де орун алган.
"Кара-Жыгач, Сары-Булак, Сары-Күңгөй айылдарында 3 балл, Сай, Тогуз-Булак, Жетим-Дөбөдө 2,5 баллга чейин сезилген", - деп айтылат билдирүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.