Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевди ИИМдин Бишкектеги Башкы тергөө башкармалыгына суракка алып кетишти. Бул маалыматты саясатчынын жактоочусу жана жакын санаалашы Искен Афижанов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал белгилегендей, сурактын себеби азырынча белгисиз.
Өмүрбек Текебаев кечээ, 5-ноябрь күнү кечинде Германиядан Кыргызстанга учуп келгени айтылды.