Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, белгилүү музыка изилдөөчү Сагыналы Субаналиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чарада маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев, коомдук жана мамлекеттик ишмер Топчубек Тургуналиев, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев жана башкалар сөз сүйлөдү.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына келгендер белгилүү музыка изилдөөчү Сагыналы Субаналиевдин өмүр жолу, чыгармачылык ишмердүүлүгү жана адамдык парасаты эскерилип, кийинки муундарга калтырып кеткен илимий эмгектери, кыргыздын салттуу музыка искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымы жалпы коомчулук менен бирге эскерилди.
Эске салсак, белгилүү музыка изилдөөчү Сагыналы Субаналиев 4-ноябрь күнү дүйнө салган.
Ал 1948-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Афлатун айылында жарык дүйнөгө келген.
Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди.