"Анын өмүрүн сактап калууну гана каалайбыз". Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы президентке кайрылды

"Кумтөр голд компани" ишканасынын мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал өз кайрылуусун Теңгиз Бөлтүрүктүн Фейсбук баракчасынан жарыялады.

Алпысбаева кайрылуусунда кичинекей балдары бар экенин белгилеп, өлкө башчысынан Теңгиз Бөлтүрүккө ырайым кылууну суранган.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, жолдошумду үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздөрдү суранам. Анын ден соолугунун абалы оор. Аны мындай абалда кармоого болбойт. Мен аны жоготуп алуудан корком. Мен ал үчүн жанымды берүүгө даярмын, бирок анын өмүрүн сактап калууга жардам бериңиз. Ал тергөө менен кызматташууга даяр. Качып кетүү жөнүндө бир дагы оюу болгон эмес. Жолдошумдун жүрөгү жаздан баштап ооруп жүргөнүн жакында эле билдим. Ал муну менден жана балдарынан санаа тартышпасын деп жашырыптыр. Азыр ага иштегенге да болбойт, биз анын өмүрүн сактап калууну гана каалайбыз" , - деп жазылат кайрылуусунда.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 15-сентябрында Бишкектин Октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын карап, 10-ноябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurbek56
2022-11-06 18:14:00
Уурдап жатканда оорубай эле тыркыйып журушуп камап койсо эле инвалид боло калашат да
+6
Antiradikal11
2022-11-06 23:03:00
Эмнеге уурдап жатканда кайрылган жоксунар, миллиондорду сапырып жургонунордо?
+1
Аkjol18
2022-11-06 23:49:00
0
Аkjol18
2022-11-06 23:49:00
Менин күйөөм айлык акысынан көп акча алып келип жатат,биз балдарыбыз менен чоогу жашагыбыз келет,оорукчан болгубуз келбейт деп неге жазбайсыңар башталганда эле. Акыйкатчылар дагы,кой жашсың,оорукчансың иштебе деп эртераак эскертип турсаңар чиновниктерге.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан