"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабызда "адалдан түгү жок", "түлкүсү түштө улуу" жана "күн тийген жердин күкүгү" фразеологизмдеринин маанилерине токтолобуз.
Адалдан түгү жок - Колунда малы жок, кедей, жарды. Мисалы, Беш чилдей баланы асыроо түйшүгү адалдан түгү жок томаяк үчүн жеңил да эмес эле (Сасыкбаев).
Түлкүсү түштө улуу - Бир нерседен жолу болуу, иши оңуна баштап, оңдой берди болуп туруу. Мисалы, Анда алдуулардын түлкүсү түштө улуп турган кези эле («Ала-Тоо»).
Күн тийген жердин күкүгү - Кимдин иши оң болуп турса же кимде бийлик болсо, ошого кошомат кылган, анын сөзүн сүйлөгөн өң карама, кошоматчы. Мисалы, Күн тийген жердин күкүгү болуп оокат кылып, жан багуу сага окшогон адамдын колунан келет деди («Ала-Тоо»).