Кыргызстанда бир жумада (31-октябрдан 6-ноябрга чейин) COVID-19 илдети 12 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Анда айтылгандай, алардын ичинен бирөө ооруканага жаткырылган, 11и амбулатордук дарыланууда.
Белгилесек, 2022-жылдын 10 ай 6 күнүндө 21 716 адам COVID-19га кабылган.