Шашылыш билдирүү! Өлкө аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкөдө 8-ноябрь жана 9-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ маалымат таратты.
Ага ылайык, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жамгыр карга айланышы мүмкүн. Ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан