Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов 16-17-сентябрдагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунда курман болгон эки жоокердин ата-энесине батир берди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл өкүлү 4-ноябрда коогалаңда тажик агрессорлорунан ата мекенин коргоп жатып баатырларча курман болгон 1996-жылы Жайыл районунун Калинин айылында туулган Эрлан Турсунбаев жана 2000-жылы Жумгал районундагы Миң-Куш айылында туулган Жеңиш Иманбек уулунун ата-энелерине Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Эске салсак, ушул жылдын 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын кол салуусунан 63 адам курман болуп, 200гө жакыны жарадар болгон.