Милициянын кайгуул кызматы кызматтык унаанын үстүнө отуруп, жосунсуз жорук жасаган жаранды издеп жатканын кабарлады.
102 кызматына Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги мейманканалардын биринде мас жаран ызы-чуу салып жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, жол жээгине кызматтык унааны токтотуп, чакырууну тейлеп кирип кетишкен. Ошол учурда белгисиз жаран кызматтык унаанын үстүнө отуруп, өзүн күзгүдөн карап, жосунсуз жоруктарды көрсөткөн", - деп айтылат билдирүүдө.
Азыркы учурда ал жаран изделип жаткандыгын жана ага карата жоопкерчилик сөзсүз караларын белгилешти.