Ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду

Ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына анын жакындары тастыктады.

Айтымдарында, ырчы кечээ, 10-ноябрда Боом капчыгайында жол кырсыгына кабылып, көз жумган. Ал жакында эле 27 жашка чыккан. Анын сөөгү кичи мекени Аксыда жерге берилет.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты ырчынын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Белгилей кетсек, ырчы "Эзилип бүттүм", "Кантем", "Карындаш", "Сени бербейм эч кимге" жана башка ырлары менен көпчүлүккө таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rafo80
2022-11-11 09:16:00
Аллахым жаткан жерин жайлуу кылсын .
0
Asmat84
2022-11-11 14:32:00
Иий кудайым айй ээми чыгып келаткан жаш таланттуу жигит эле го бейишин берсин Аллахым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан