Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп Асеин Исаев дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Ага ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, буга чейин тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.