Бишкектин 3 конушунда 9 саатка таза суу берилбейт

Бишкектин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 жаңы конуштарында 15-ноябрда таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу маалыматты калаа бийлиги таратты.

Анда жазылгандай, аталган конуштарда саат 9:00дөн 18:00гө чейин таза суу токтотулат.

Убактылуу чектөө "Энесай" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу киргизилди.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундардан ичүүчү сууну камдап алууларын суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан