Манасчы Салимбай Турсунбаевдин “Чоң казат”, “Санаты сансыз-Салимбай” китептери жарыкка чыкты

Маркум манасчы, акын, маданияттын мыкты кызматкери Салимбай Турсунбаевдин варианты боюнча жарык көргөн “Чоң казат” жана замандаштарынын эскермелери менен манасчынын соңку жылдарда жазган ырлары камтылган “Санаты сансыз-Салимбай” аттуу китептеринин бат ачар аземи Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү.

Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, профессор Жамгырбек Бөкөшов, Эл баатыры Алиясбек Алымкулов, Эл аралык “Саякбай” фондунун негиздөөчүсү Саматбек Ибраев, Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков өңдүү мамлекеттик, коомдук жана маданият ишмерлери катышты.

Кыргыз улуттук “Манас” театры тарабынан уюштурулган аземде алгач маркум манасчы Салимбай Турсунбаев тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, манасчылар “Манастан” үзүндү айтышса, эл акындар Амантай Кутманалиев менен Азамат Болгонбаев манасчынын бейнесин ачып ырдап беришти. Кечеге келгендер Салимбай Турсунбаевдин баскан жолун, чыгармачылыгын, адамдык жакшы сапаттарын эскеришти.

“Санаты сансыз – Салимбай” китеби манасчынын кыз-уулдары тарабынан 500 даана нуска менен жарыкка чыгарылган. Ал эми өздүк вариантындагы “Чоң Казат” китеби улуттук “Манас” театры тарабынан басылып эпосту сүйүүчүлөргө тартууланды. Эки китеп тең азырынча сатыкта жок экенин, басылган китептерден кандайдыр бир коммерциялык максат көздөбөстөн колунан келишинче республикадагы китепканаларга таратууга аракет кылышарын манасчынын уулу Жылдызбек Турсунбаев өз сөзүндө белгилей өттү. Кеченин соңунда улуттук “Манас” театрынын учурдагы жетекчиси Азиз Биймырза уулу кечеге катышкан аттуу-баштуу инсандар менен чогуу “Чоң Казат” китебинин алгачкы нускаларын улуттук китепканага салтанаттуу түрдө тапшырып, иш-чарага келгендер эстеликке сүрөткө түшүп тарашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан