Марс планетасынан
соолуган көлдүн изи табылды. Бул ачылышты Американын “Кьюриосити” марсоходу
тарткан. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып
чыгышты.
Соолуган көлдүн изи
Марс планетасынын Йеллоунайф булуңунан табылган.
Изилдөөчүлөрдүн божомолунда, бир кездери болгон көлдүн суусунун курамында химиялык элементтер, көмүртек, кычкылтек, суутек, азот
болуусу ыктымал. Мындан тышкары кадимки хемолитавтотрофтук бактериялар жашоосу
мүмкүн. Бирок буга карабастан изилдөөчүлөр Марста жашоо болгон-болбогонун так
аныктай элек.
Кошумчалай кетсек, “Кьюриосити”
марсоходу 2011-жылдын 26-ноябрында Марска сапар тартып, 2012-жылдын
6-августунда аталган планетага конгон. Анын негизги максаты Марстын геологиясы
менен атмосферасын изилдөө болуп эсептелет.