Эртең, 21-март Нооруз майрамына карата Бишкек шаарында автобус жана троллейбустар саат 5:50дөн баштап 22:00гө чейин каттайт. Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгынан кабарлашты.
Ага ылайык, 21-мартта 115 троллейбус, 120 муниципалдык автобус каттамга чыгат.
"Ошондой эле «ЭкоПассенджер Транспорт» ЖЧКсынын 131 автобусу, «МП АламүдүнАвтоТранс» ишканасынын 4 автобусу, 625 муниципалдык кичи автобус жана 1196 менчик кичи автобус линияга коюлат", - деп жазылат маалыматта.