Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" аянтында өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Ага ылайык, иш-чара УТРК, республикалык, облустук телеканалдардын эфиринде жана социалдык тармактардын баракчаларында түз көрсөтүлөт. Түз эфир саат 10:00дө башталат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык мэриясы Ноорузга карата атайын майрамдык программа даярдады. Расмий иш-чара 21-мартта саат 10:00дө "Ала-Тоо" аянтында өтөт.
Ал эми саат 12:30дан баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлеринин концерттик программасы тартууланат. Ошондой эле шаардын бардык райондорунда да майрамдык иш-чаралар өтмөкчү.