Бүгүн, 21-мартта "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара өтөт.
Аталган иш-чаранын алкагында, аянттын эки тарабында 16 боз үй тигилген.
Уюштуруучулардын айтымында, бир тарабында кыргыздын улуттук оюндары көрсөтүлсө, экинчи тарабында улуттук кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө өткөрүлөт.