Бишкекте салттуу өнөрдүн түрлөрү боюнча заманбап көргөзмө ачылды

Кечээ, 20-мартта Бишкектеги Супара этнокомплексинде таланттуу кыргыз жаштарынын “Башат” аттуу салттуу өнөрдүн түрлөрү боюнча заманбап көргөзмөсү ачылды. Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөнүн максаты – чыгармачылык аркылуу тамырга кайрылуу, өтмүшкө жана келечекке ой жүгүртүү менен адамдын жеке өздүгүнө үңүлүп, өзөккө кайтуу.

Маданий иш-чара Нооруз майрамына карата бата берилип, казанга сүмөлөк асуудан башталды. Андан соң көпчүлүккө кыргыз жоокеринин байыркы соот кийими, анын маданий, руханий баалуулугу жөнүндө айтылып, элге тартууланды.

Андан соң конокторго анимациялык тасмалар тартууланып, заманбап стилдеги сахналаштырылган “Нооруз” аталышындагы театр коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан