Австралияда миллиондогон балыктар дарыянын жээгин каптады

Австралияда миллиондогон балыктар дарыянын жээгин каптады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, ири масштабдагы балыктардын өлүмү биринчи жолу жума күнү эртең менен Жаңы Түштүк Уэльстин Менинди аймагында катталган.

Штатынын бийлиги балыктын өлүмү аномалдуу ысыкка туш келгенин баса белгиледи.

Ошол эле учурда эки жагымсыз фактор дал келди: селдин кесепетинен кычкылтектин деңгээли төмөндөгөн. Ысыкта балык кычкылтекке көбүрөөк муктаж. Натыйжада - деңиз тургундарынын массалык өлүмү.

Менинди аймагынын тургундары чириген балыктын коркунучтуу жытына нааразы болушууда. Жада калса дем алуу органдарын коргой турган каражаттар да жардам бербей жатканы маалымдалды.

Учурда Австралия Жаңы Түштүк Уэльстин (NSW) батышындагы дарыяда миллиондогон балыктар өлгөндөн кийин массалык тазалоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан