Бүгүн, 21-мартта Бишкектин "Ала-Тоо" борбордук аянтында Нооруз майрамы өтүп жатат.
Иш-чарага жогорку бийлик өкүлдөрү, шаары тургундары жана президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен катышып жатат.
Биринчи айым иш-чарага адаттан тыш кийим менен келген. Жапарова улуттук кийимге басым жасап, башына элечек кийген.
Социалдык тармактын колдонуучулары анын образына суктанып, жылуу пикирлерин калтырышууда.