Байден, Цзиньпин баштаган чет өлкөлүк лидерлер Кыргыз элин жана Жапаровду Нооруз майрамы менен куттукташты

Бир катар чет өлкөлүк лидерлер Кыргызстандын элин жана президент Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттукташты, деп билдирет президенттин маалымат кызматы. Алардын катарында Сауд Аравиянын падышасы, АКШ, Азербайжан, Кытай, Иран жана башка мамлекеттердин лидерлери бар.

Сауд Аравиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддин куттуктоосу: "Нооруз майрамына карата Улуу Даражалуу Сизди чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Кыргызстандын Өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү каалайбыз", -деп айтылат куттуктоодо.

Сауд Аравиянын Мураскор ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд да куттуктоосун жолдоду.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин куттуктоосу: "Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын эли менен бирге бул күндү жакындары менен чогулуп, өткөнгө ой жүгүртүп, келечекке болгон үмүттөрүн кайрадан карап чыккан жаздын келишин куттуктайт. Азыркы жаңы перспективалар мезгилинде биз өкмөттөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүктү жана элдерибиздин ортосундагы достукту тереңдетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө умтулуубузду дагы бир жолу ырастайбыз. Нооруз майрамыңыз кут болсун!” - деп айтылат куттуктоодо.

Ошону менен бирге Жо Байден Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин келе жаткан Орозо айы менен куттуктады.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин куттуктоосу:

"Өткөн жылдын сентябрь айында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун Саммитинин алкагында терең жана достук пикир алышуу болуп, кытай-кыргыз мамилелери жана эки өлкөнүн ар түрдүү тармактардагы кызматташуусу боюнча маанилүү консенсуска жетишип, ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн план түзүлгөн", - деп айтылат жолдонгон куттуктоодо.

Цзиньпин кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгилеп, Садыр Жапаровдун ушул жылдын май айында өтө турган биринчи “Кытай - Борбор Азия” саммитине катышуусунун, ошондой эле Кыргызстандын Президентинин Кытайга пландаштырылган мамлекеттик сапарынын алкагында маанилүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгиледи.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бардык баштаган иштерине жакшылык, ал эми дос Кыргызстан элине бакыт жана тынчтык каалады.

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раисинин куттуктоосу: "Сизди байыркы Нооруз майрамынын – жаратылыштын кайра жандануу мезгилинин келиши менен чын дилимден куттуктайм. Бул күн миңдеген жылдар бою сүйүүнүн жана боорукердиктин символу болуп, жүрөктөрдү ойготуп, жаңылануунун жарчысы катары келе жатат.

Куттуу майрам элдерибиздин жашоосуна өзгөрүүлөрдү алып келип, жалпы тарыхый жана маданий байланыштарды эске салып, аны менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди кеңейтип, тереңдете алабыз, деп ишенем", - деп айтылат куттуктоодо.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми дос жана боордош Кыргыз элине бакыт, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин куттуктоосу:

"Бул майрам адамзаттын элдерибиздин маданиятына кошкон баалуу салымы, ошондой эле аруулуктун жана сулуулуктун символу болуп саналат. Нооруз адамдардын жүрөгүнөн түнөк таап, өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана биримдикти даңазалайт. Элдерибиздин эрки менен биз мындан ары да азербайжан-кыргыз достугун жана өнөктөштүгүн сактоо жана чыңдоо үчүн биргелешкен күч-аракетти жумшай турганыбызга ишенем", - деп айтылат куттуктоодо.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт, ишмердигине ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан