Беш облуста жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт иштери башталды

Өлкөдө 9-апрелде өтө турган беш облустагы айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоого үгүт жүргүзүү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, үгүт жараяны 20-марттан тарта 8-апрель саат 8:00гө чейин болот.

Белгилей кетсек, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 19-мартта аяктаган.

14 айылдык кеңеште мандаттардын жалпы саны – 254, анын ичинде шайлоо округдарында аялдар үчүн 97 мандат резервге калтырылган.

14 айылдык кеңешке бардыгы 493 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинде – 174 аял-талапкер.

470 талапкер катталды, анын ичинде 164 аял-талапкер бар.

14 айылдык кеңештин талапкерлери тууралуу маалымат менен “Талапкер” маалыматтык ресурсунда https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_aiyl шилтемеси аркылуу тааныша аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан