Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Саамалыкка жергиликтүү бийлик, мекеме-ишканалардын жамааттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Нооруз майрамындагы салтанат театралдаштырылган көрүнүш, улуттук оюн-зоок, концерттик программа жана көргөзмө-жарманке менен коштолду.
Учурда элдик сейилдөө менен уланып жатат.