Бүгүн, 21-мартта борбор калаада троллейбустар менен автобустар саат 22:00гө чейин каттайт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 21-марттан тарта 115 троллейбус жана 120 муниципалдык автобус каттап жатат.
Ошондой эле "ЭкоПассенджер Транспорт" ЖЧКсынын 131 автобусу, "МП АламүдүнАвтоТранс" ишканасынын 4 автобусу, 625 муниципалдык кичи автобус жана 1196 кичи автобус линияга чыккан.