Актан Рыскелдиев: "Эми спирт ичимдиги жок тойлорду гана алып барам"

Тамашоучу, тамада, вайнер, актёр Актан Рыскелдиев социалдык тармактагы баракчасына “Эми спирт ичимдиги жок тойлорду гана алып бармай болдум. Ичимдик жок өткөн тойлорду арзаныраак кылам” деген билдирүүсүн калтырган. Бул боюнча маалымат алуу үчүн актёр мырзага байланышка чыктык.

“Сприт ичимдиги жок тойлорду алып барам” деген чечимди мен кечээ эле кабыл алган жокмун, аны 2-3 жылдан бери башымда бышырып келе жаткам. Себеби спирт ичимдиги жок тойлор сонун өтөт. Биринчиден, Жаратканыбыз ыраазы болот, экинчиден, келген коноктордун 90 пайызы акылы тунук, ниеттери түз болуп, батасы жакшы тиет, үчүнчүдөн, той ээлерине 70-80 миңге чейин үнөм болот. Негизи той ээлери менен сүйлөшкөндө “тоюбуз спирт ичимдиги жок өтөт” дегенде аларга арзандатып берем.

Ал эми спирт ичимдик бар жерде чыр-чатак, мас адамдар көп болот. Албетте, той өтө берет. Берчүсүн берип, алчусун алып, бийлеп-ырдап жүрө беришет. Кээде баары мас болуп, ак бата бергенге киши таппай калышат. Бата деген жөн нерсе эмес да? Шайтан менен же арам нерсе менен аралаштырып берген бата кабыл болобу? Болбойт, албетте. Эл мас болуп, ызы-чуу болуп жатканда той ээси “неге элди башкара албай жатасың?” деп тамаданы урушат. Бирөөнү башкара алышың мүмкүн, бирок 300 кишинин кантип тынчтандыра аласың?”, - дейт ал.

Актан Рыскелдиевдин айтымында, ал жумасына 2 гана той алып барат. Себеби актёр мырза той алып барганга өзүнүн жеке программасын даярдап, элдин жакшылыгына энергиясын жумшап, 5 күн эс аларын айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан