Жамгыр жаайт. 22-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 22-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарында күндүзү жаан жаайт, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми Нарын облусунун айрым жерлеринде күндүзү кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында жазылат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө +1 … +6, күндүз +11 … +16,

Талас жергесинде түнкүсүн +1 … +6, күндүз +9 … +14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3 … +8, күндүз +16 … +21,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 … +2, күндүз +10 … +15,

Нарын дубанында түнкүсүн -2 … -7, күндүз -6 … -11,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүзү жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1 … +3, күндүз +14 … +16 градус болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан