13 жашар кыздын колдон-колго өтүп зордукталышы: Эртең эски аянтта митинг болот

Эртең Бишкек шаарында эски аянттагы Жогорку Соттун имаратынын алдында 13 жашында зордукталган кыздын жакындары митингге чыгышат. Бул тууралуу активисттер социалдык тармактарда билдиришти.

Маалыматка ылайык, колдоо акциясы 22-март саат 10:00дө Жогорку соттун имаратынын алдында башталат.

Эртең милиция кызматкерлери райондук соттун чечимине даттанганына байланыштуу соттук отурум болуп өтөт. Ал эми акциянын катышуучулары мурдагы соттук инстанциянын өкүмүн жеңилдетип жибербөөнү талап кылышмакчы.

Буга чейин 13 жашар кыздын иши боюнча базардын кароолчусу 10 жылга, ал эми эки милиционер 15 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле үчөө тең жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Кийинчерээк, үстүбүздөгү жылы 13-январда, Бишкек шаардык соту эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскартып, бирөөнү 6 жылга, ал эми экинчисин 9 жылга кескен. Үчүнчү айыпталуучу - базардын кароолчусуна карата мурдагы өкүм күчүндө калтырылган.

Ал эми зордуктоого шектелген төртүнчү жарандын иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот былтыр 8-июлда башталган. Ага чейин отурумдар ар кандай жүйө менен бир нече ирет жылдырылып келген. SUPER.KG порталына 13 жашар секелектин ата-энеси кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөнүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан