Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган турнирдин Биринчи лигасында "Жаштык" командасы чемпион болду.
Жалал-Абад облусунан келген "Жаштык" финалда Бишкектин Четинди командасы менен күч сынашып, 7:2 эсебинде жеңишти камсыздады. Ал эми Жогорку лиганын финалдык оюну "Ынтымак" жана "Сары-Өзөн" командаларынын ортосунда өтөт.
Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча Нооруз турнири быйыл 4 лигада, 37 команданын катышуусунда өтүп жатат.