Ооганстанда магнитудасы 6,5ке жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Жер силкинүү бүгүн, 21-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 22:47 чамасында Ооганстандын түндүк-чыгышында болгон.
Жер титирөөнүн очогу Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Джирм кыштагынан 38 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Азырынча курмандыктар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганына ылайык, жер титирөө Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанда дагы сезилген.