Түндүк Корея - Чыгыш Азиядагы мамлекет. Ал өзүнүн жабыктыгы, таң калычтуу тыюулары жана чектөөлөрү менен белгилүү. Мындай чектөөлөр бул өлкөдө бар экендигине ишенүү кыйын. Бул таң калычтуу эмес, анткени Түндүк Корея бийлиги өлкө жарандарынын бардыгын, атүгүл өлкөгө учуп келген туристтерди дагы көзөмөлдөшөт. Бүгүн биз Түндүк Кореяда колдонулуучу катаал тыюулар жана чектөөлөр тууралуу сөз кылабыз.
Cаякаттоого болгон тыюулар
Канчалык кызыктай угулбасын, түндүк кореялыктар атайын уруксаты жок өз өлкөсүндө эркин жүрүүгө укугу жок. Жеке максатта же саякат үчүн чет өлкөгө чыгууга да тыюу салынат. Белгиленген эрежелерди бузгандыгы үчүн адамдар темир тор артына отургузулат. Түрмөлөр санитардык талаптарга жооп бербейт, көптөгөн туткундар ачарчылыктан, оорудан жана кыйноодон өлүшөт. Түндүк Кореяда чет өлкөлүк сапарларга спортчуларга, дипломаттарга жана расмий кызматтагы адамдарга гана уруксат.
Кызыгы, борбордо жашоо укугу ар дайым өзгөчө артыкчылык катары эсептелип, бул жерге өкмөттөн түз уруксат алган адамдар гана отурукташа алат. Негизинен Пхеньянда карапайым эл эмес, өкмөт өкүлдөрү жана партия лидерлери жашайт.
Башка өлкөгө чалуулар жана интернетке тыюу салуу
Түндүк Кореяда чет өлкөгө чалуу үчүн мобилдик телефонду колдоно алышпайт, анткени өлкөдөгү байланыш Түндүк Кореянын абоненттери менен гана иштейт. Башка өлкөлөр менен сүйлөшүү үчүн жергиликтүү тургундар өздөрүн тобокелге салып, кытай тармагына кошулган мыйзамсыз кытай телефондорун колдонушат. Бирок мындай адамдар өтө аз. Анткени бул үчүн аларды бир гана түрмө эмес, өлүм жазасы да күтүп турат.
Өлкөдө биздегидей кадимки интернет жок, бирок интернеттен обочолонгон эң чоң компьютердик тармактардын бири болуп саналган "Кванмён" ички интернети бар. "Кванмён" кеминде 5 миң 500 түрдүү сайттарга ээ. Бул сайттарга сырттагы адамдар кире алышпайт.
Кызыгы, Түндүк Кореяда атайын өздөрүнүн социалдык тармагы бар, ал кандайдыр бир деңгээлде Facebook'ка окшош, бирок эмнегедир анын аты жок. Эң кызыгы өлкө лидери Ким Чен Ын дүйнөлүк интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар уюмдардын жана адамдардын тизмесин жеке өзү карап чыгып, аны жеке өзү бекитет.
Чет элдик тасмаларга жана ырларга тыюу салынган
Бул тыюу Түндүк Корея тургундарына гана эмес, өлкөгө келген чет элдик туристтерге да тиешелүү. Анткени тургундар мамлекеттик цензурадан өткөн патриоттук же улуттук музыкаларды угуп, мамлекеттик тасмаларды гана көрүшү керек деген түшүнүк бар. Мисалы, түштүк кореялык кинону көргөн же музыкасын уккан адам аныкталса 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Түндүк Кореяда тыюу салынган тасмаларды жана ырларды тараткандарга өлүм жазасы каралган. Жакында эле Түндүк Кореяда "Кальмар оюну" ("Игра в кальмара") сериалын флешка аркылуу өлкөгө мыйзамсыз алып келген адам өлүм жазасына кесилген.
Кыймылсыз мүлк жана унаа сатып алууга тыюу салынат
Түндүк Кореядан батир сатып алуу мүмкүн эмес, анткени алар мамлекет тарабынан бөлүштүрүлгөн. Айылдан борборго көчүү да иш жүзүндө реалдуу эмес, анткени Пхеньянда негизинен өзгөчө артыкчылыкка ээ болгон адамдар гана жашайт. Пхеньяндан бардык шарттары бар батир алуу үчүн кеминде 100 миң доллар пара бериш керек, бирок ал мамлекеттики бойдон калат.
Кызыгы, Түндүк Кореяда эң арзан батирлер жогорку кабаттарда, эң кымбаты төмөнкү кабаттарда. Көп кабаттуу үйлөрдүн көбүндө лифт жок, эгер бар болсо дагы алар аны колдонууну жактырбайт. Мисалы, лифтсиз 15-кабатта кантип жашай аларыңызды элестете аласызбы? Кошумчалай кетсек, өлкөдө электр жарыгы тез-тез үзгүлтүккө учурайт. Эч ким лифтке түшүп, ал жерде бир нече саат отургусу келбейт.
Түндүк Кореяда жеке транспорт өзгөчө люкс буюм болуп саналат. Жеке унаа негизинен аскер кызматкерлери жана атайын уруксаты бар чиновниктер үчүн гана. Унааны эркектерге гана айдоого уруксат берилет. Пхеньяндын көчөлөрүндө тыгын жок, шаар четиндеги магистралдар бош. Атайын уруксаты жок карапайым адам унаа айдап бара жатып кармалса камакка алынат. Ал эми аскердик транспортту уруксатсыз башкаргандар өлүм жазасына кесилет. Кызыгы, Түндүк Кореяда велосипед толук кандуу унаа деп аталат, ар бир велосипеддин унаа сыяктуу өзүнүн номери бар.
Ошондой эле өлкөдө көк жынсы шым кийүүгө, чачты боёого жана чач жасалгалоого тыюу салынат.