29-августта Кыргызстанда дүйнөгө белгилүү "Барселона" клубунун академиясы ачылганы турат. Ал эми 30-август күнү Бишкекке Роналдиньо, Пуйоль, Ривалдо баштаган каталондук клубдун легендарлуу оюнчулары келип, Борбор Азиянын легендалары менен беттеш өткөрөт.
Кыргызстандын тарыхындагы мындай өзгөчө окуя көпчүлүк футбол күйөрмандарын сүйүнтүп жаткан маалы. Анда келиңиз! Өзүңүздү "Барселонанын" чыныгы күйөрманымын деп эсептесеңиз төмөнкү тесттен күчүңүзду сынап көрүңүз!